САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2012-жылдын 26 июну №24/183
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке турак-жай куруучуларга жер участокторунун өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К. Элтуйбасовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-статьясынын 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 73-статьясынын 5-бөлүгүнө ылайык жеке турак-жай куруучуларга жер өлчөмүн Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке турак-жай куруучуларга, турак-жай курууга жер участокторун айыл ичинен 0,10 га, айыл чарбасына жараксыз жерден 0,20 га өлчөмүндө жер берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Кеңешинин төрагасы | А. Байтереков |