Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26 сентябры №25/196
C. Орозбаков атындагы Нарын облустук китепкананын администрациясынын сунушун кароо жөнүндө
№16 Каракужур айылдык китепканага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген китепканачысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасынын, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак белгиси орденинин жана Эмгектин артыкчылык медалынын, СССР Маданият Министрлигинин «Мыкты кызматкер» төш белгисинин ээси, Кыргыз ССР маданият министрлигинин жана Кыргыз ССРинин маданият кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин жана башка грамоталарына татыктуу болгон. Облустук, райондук жана айылдык кеңешинин депутаты Токомбаева Күлсүндун ысымын ыйгаруу боюнча № 54 28-июнь 2012-жылдагы С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепкананын администрациясынын жана Нарын облустук маданият кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин сунушуна ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №16 Каракужур айылдык китепканасына Токомбаева Күлсүндун ысымын берүү жөнүндөгү С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепкананын администрациясынын жана Нарын облустук маданият кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин сунушу жактырылып №16 Каракужур айылдык китепканасына Токомбаева Күлсүндун ысымы ыйгарылсын.
2. №16 Каракужур айылдык китепканасы «Токомбаева Күлсүн атындагы №16 Каракужур айылдык китепканасы» деп аталсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы уулу Макишов Орозобекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | А. Байтереков |