Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18 октябры №26/205
2012-жылдын бекитилген бюджетинин сметасынан ич-ара статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратына ашык аткарылган салыктын түрүнөн, бала бакча сатып алууга финансы экономикалык бөлүмдун башчысы башкы бухгалтери С. Калбаялиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жылдык пландан ашык аткарылгандыктан жана ашык аткарылган акча каражатты пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен план сурап кайрылуу финансы экономикалык бөлүмдун башчысы башкы бухгалтерге тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен план келгенге чейин убактылуу аппараттын 2111 статьясынан 22,4 сом, 2121 статьясынан 3,3 сом жана маданияттын 2111 статьясынан 25,0 сом, 2121 статьясынан 4,3 сом баардыгы 55,0 сом бала бакчага имарат сатып алууга бөлүнүп берилсин.
3. Жыл аягында ашык аткарылган пландын эсебинен жогорудагы чыгымдалган суммага жооп берүү жагы финансы экономикалык бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | А. Байтереков |