Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13 ноябры №27/206
Сары-Булак айыл аймагынын № 4162 Каракужур участкалык шайлоо комиссияларынын резервтик курамын бекитүүгө Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине негизинде Жергиликтүү Кеңештинин депутаттарын шайлоо боюнча Сары-Булак айыл аймагынын
№ 4162 Каракужур участкалык шайлоо комиссияларынын резервтик курамына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн сунуштарды карап чыгып жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү Кеңештинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө карата, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү ограндарынын өкүлдөрүнүн коомдук уюмдарынан, жарандардын жашаган жеринин шайлоочуларынын чогулуштарынан Сары-Булак айыл аймагынын № 4162 Каракужур участкалык шайлоо комиссияларынын резервтик курамына бекитип берүү жагы Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылынсын.
№ 4162 Каракужур участкалык шайлоо комиссияларынын резервтик курамына төмөндөгү талапкерлер сунушталсын:
· Жунушов Каниет -М. Малаев, Көбөгөн Ажы, Ш. Ресмендеев көчөлөрүнун шайлоочуларынын чогулушунан;
· Байсабаев Ырысбек Исагалиевич -Мектеп аймагынын шайлоочуларынын чогулушунан;
· Эсенгелдиев Бакыт Жумаевич -Байгөчөк, Кара-Суу көчөлөрүнун шайлоочуларынын чогулушунан;
2. Сары-Булак айыл аймагынын № 4162 Каракужур участкалык шайлоо комиссияларынын резервтик курамына бекитүүдө көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен мурда шайлоо комиссияларында иштеген тажрыйбасы барлар эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешине тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | А. Байтереков |