Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19 апрели №3/15
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл башында бош калган каражатка кошумча смета түзүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-январына бош калган бюджеттик каражаттан 242,269 сомду жана атайын каражаттан 33,379 сомду айыл өкмөтүнө жана “Наристе Ак-Кыя” бала бакчасына бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы-башкы бухгалтер Калбаялиева Салтанаттын маалыматтын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-январына бош калган каражатынан айыл өкмөтүнө бюджеттин эсебинен
1. 2214 –транспорттук чыгымдар статьясына -40,0 сом
2. 2215 –ар кандай чыгымдар статьясына -202, 269 сом
Баардыгы -242269 сом
2. “Наристе Ак-Кыя” бала бакчасына атайын каражаттан
1. 2215 - ар кандай чыгымдар статьясына -29, 850 сом
Баардыгы -29, 850 сом
3. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын каражаттан
1. 2215- ар кандай чыгымдар статьясына -3529 сом
Баардыгы -3529 сом
Жалпы баардыгы 275648 сом бекитилип берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы-башкы бухгалтер Калбаялиева Салтанатка тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы | Б. Элтуйбасов |