Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-апрели №5/2
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык,Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында,Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөту жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык бекитилсин.
2. «Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Атышовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын,ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо учун тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана Мыйзамда белгиленген учурларда,юридикалык жактан мамлекеттик кайра каттоо маселелери тиешелуу мамлекеттик жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталсын.
Депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымы |
А.Тургуналиева |