Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 05-апрели №4/6
Кум-Дөбө айыл Өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы «Шамшы Келечеги» бала бакчасынын башчысы У.Самсалиеванын жазган арызын кароо жөнүндө
«Шамшы Келечеги» бала бакчасынын башчысы У.Самсалиеванын жазган арызын, Шамшы айылынын жалпы элдик жыйынынын токтомун карап жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Шамшы Келечеги» бала бакчасына жылуулук системасын киргизүү үчүн Шамшы айылынын ортодогу каражатынан 68.0 (алтымыш сегиз) мин сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана аткарууну талап кылуу Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылынын айыл башчысы Э.Мааткалымовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымы |
А.Тургуналиева |
Жиберилсин: Иш кагазына, айыл башчысына, туруктуу комиссияга