Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 05-апрели №4/5
Кум-Дөбө айыл Өкмөтүнүн аймагындагы «Кум-Дөбө Биримдиги» үрөөн чарба кооперативинин башчысы Ж.Токтогазиевдин жазган арызын кароо жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешине «Кум-Дөбө Биримдиги» үрөөн чарба кооперативинин башчысы Ж.Токтогазиевдин жазган арызын, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бугучу, Бирлик айылдарынан келген арыздарды кароо менен «Бейшебай» участкасында үлүшкө бөлүнгөн 37,8 га жерин, Арал сай участкасындагы арендага берилген жерлерди жана Кара-Дөбө участкасындагы «Кум-Дөбө Биримдиги» үрөөн чарбасына жана ИСКАКБ «Ичээр суу» бирикмесине берилген жерлерди эске алуу менен Кум-Дөбө айылдык кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дөбө участкасында мурун 7 (жети) жылга ИСКАКБ «Ичээр суу» бирикмеси алган 8.0 га жери калтырылсын.
2. «Кум-Дөбө Биримдиги» үрөөн чарбасына Кара-Дөбө участкасынан 10.0 га жери берилсин.
3. Кара-Дөбө участкасынан кийинки жылдары көбөйтүп, этап-этабы менен бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдо көргөзүлгөн жерлерди тактап берүү жагы жер адис Н.Осмоновго милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымы |
А.Тургуналиева |