Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 05-апрели №4/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин айыл өкмөтүнүн 2011-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2013-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин айыл өкмөтүнүн 2011-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2013-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы- башкы бухгалтери Б.Тажиевдин отчетун, айылдык Кеңештин экономиика,бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КумДөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2011-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 32330.1 миң сомго, чыгашалар 32155.0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2013-жылга Кум-Дөбө айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 34374.0 миң сом, мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелер 2834.6 миң сом, категориалдык грант 29043.6 миң сом, тендештирүүчү грант 2495.8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2013-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашалары категориалдык жана тендештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелиринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
· патент салыгы- 140.0 м.сом
· бирдиктүү салык - 23.0 м.сом
· сатуудан түшкөн салык- 24.0 м.сом
· айыл чарба жеринен салык- 520.0 м.сом
· огород салык- 339.7 м.сом
· айыл чарба эмес багыттагы салык- 18.7 м.сом
· транспорт салык- 285.0 м.сом
· кыймылсыз мүлккө салык- 5.0 м.сом
· тазалык жыйым- 50.0 м.сом
· атайын каражат- 200.0 м.сом
· адм.штраф- 15.0 м.сом
· ФПС аренда акысы- 114.2 м.сом
· подох.налог- 1100.0 м.сом
Баары- 2834.6 м.сом
· категориалдык грант- 29043.6 м.сом
· теңдештирүүчү грант- 2495.8 м.сом
· Жалпысы- 34374.0 м.сом
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга чыгымдар бөлүгү:
· башкаруу аппаратына – 2861.4 м.сом
· агартуу тармагына- 30557.0 м.сом
· маданият тармагына- 955.6 м.сом
Баары- 34374.0 м.сом
3. 2013-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Курманалиева, К.Абдыраимова, Ж.Дуйшонкулова, А.Касмалиеваларга милдеттендирилсин. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Атышовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
4. Каралган бюджеттин аткарылышын максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Атышовго жана ФЭБ башчысы-башкы бухгалтер Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымы |
А.Тургуналиева |