Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-январы №2/3
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерди карап сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо тартиби жөнүндөгү Мыйзамынын № 53 - беренесине ылайык, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынан шайланган айылдык Кенешинин депутаттары карап жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сунуш көрсөтүүсү менен төмөндөгү талапкерлер айыл өкмөтүнүн башчылыгына көрсөтүлсүн:
№ 2 Кум-Дөбө шайлоо округунан депутат-Б.Абдилов көрсөткөн талапкер - Убалиев Садыбакас.
№ 3 Кенсе шайлоо округунан депутат И.Султаналиев көрсөткөн талапкер Атышов Жөлөгөн.
№ 2 Кум-Дөбө шайлоо округунан депутат Т.Турдубаев көрсөткөн талапкер - Токтогазиев Жыргалбек.
№ 1 Акжар шайлоо округунан депутат К.Турумов көрсөткөн талапкер - Медетбеков Калыбек.
№2Кум-Дөбө шайлоо Округунан депутат М.Төлөнбеков көрсөткөн талапкер -Шаршенбаев Жаныбек.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчылыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Жогорудагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кенеши тарабынан сунушталган талапкерлерге тиешелүү документтерин 22.01.2013-жылга чейин Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруу милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымы |
А.Тургуналиева |
Жиберилсин: Иш кагазына, Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына, талапкерлерге.