Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы №20/4
Талаа-Булак айылдык округундагы жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2012-жылга каралган бюджетин жана тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмчөсүнө ылайык. Жайыт комитетинин эсепчиси А. Бейшекеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Талаа-Булак айылдык округдун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылдык окргунун жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин 2012-жылга каралган боюджети киреше бөлүгү- 330000 сом чыгаша бөлүгү- 330000 сом өлчөмдө бекитилсин.
2. Бюджетке түшө турган киреше бөлүгүнүн тарифтери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
1. Бодо мал чоңу 50 сом Кунаажын 35 сом
2. Жылкы 50 сом
3. Кой, эчки 10 сом, бир башка.
3. Каралган бюджети аткаруу жагы жайыт комитетинен төрагасына башкы эсепчисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талаа-Булак айылдык округдун Кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Талаа-Булак айылдык округдун Кеңешини төрагасы |
М. Жакыпбаев |