Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 24-январы № 1
2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы займ (атайын операциялар) (Бишкек-Торугарт жолу "Транспорттук коридор-1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоору) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы займ (атайын операциялар) (Бишкек-Торугарт жолу "Транспорттук коридор-1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоору) жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |