КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 28-январы № 5
"Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Салык консультанттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статьяда:
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Аттестациялык (квалификациялык) комиссия бизнес-ассоциациялардын, окуу жайлардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салыктар, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле фискалдык саясат функциясы бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн катышуусу менен салык консультанттарынын кесипкөй уюму тарабынан түзүлөт.
Салык консультанттарынын кесипкөй уюму - салык консультанттарынын коомдук бирикмеси жана (же) алардын ассоциациясы (союзу).
Салык консультанттарынын региондук кесипкөй уюмдары болбогон учурда ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн аймактык субъекттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен квалификациялык сертификатты берүү үчүн аттестациялык (квалификациялык) комиссияны түзүү укугу тиешелүү адистерди даярдоого адистешкен региондук жогорку окуу жайларына берилет.";
6 жана 7-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Экзаменде тематикалык суроолордун тизмеги аттестациялык (квалификациялык) комиссия тарабынан аныкталат жана салык салуунун, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун, ишкананын экономикасынын жана финансысынын, укук негиздеринин маселелерин милдеттүү түрдө камтыйт.
7. Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобо, ошондой эле аттестацияны өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2. 6-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органдарына" деген сөздөр "салык консультанттарынын кесипкөй уюмуна" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 8-статьянын 1-бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу салык органдары" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 16-статьянын 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органдарынын" деген сөздөр "салык консультанттарынын кесипкөй уюмунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |