КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 10-февралы № 6
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьянын он биринчи абзацы "алар боюнча чечимдерди" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 36-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Комиссия айына бир жолудан кем эмес жыйналыш өткөрөт.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Комиссия тарабынан чечим кабыл алынган учурдан тартып он төрт күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же жарандыгынан чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын долбоорун даярдоону жүзөгө ашырат.
Жарандыкты берүү же андан чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы ага кол коюлган учурдан тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүдөн же жарандыгынан чыгуудан баш тартылган учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты үч күндүн ичинде баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен арыз ээсин жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |