Загрузка документа…
КР 2020-жылдын 24-августундагы № 143 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-февралы № 9
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренедеги "борборлоштурулган" деген сөз алып салынсын.
2. 2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Прокуратура органдарынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун (мындан ары - Башкы прокурор) укуктук актылары түзөт.".
3. 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдүүлүгүн жана чыңдалышын, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын прокуратурасы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдү;
2) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышы үчүн көзөмөлдү;
3) жазык иштери боюнча соттордун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышы үчүн көзөмөлдү;
4) мыйзам менен аныкталган учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүл болууну;
5) сотто мамлекеттик айыптоону колдоону;
6) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жазыктык куугунтуктоону.".
4. 4-беренеде:
1-бөлүктөгү "борборлоштурулган" деген сөз алып салынсын;
3-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге так ылайык келген ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;";
4-бөлүктөгү "мекемелердин жана менчигинин формасына карабастан ишканалардын," деген сөздөр алып салынсын.
5. 8-беренеде:
1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү ", менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын" деген сөздөр "жана уюмдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 9-берененин 3-пункту "мыйзамда белгиленген тартипте" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган," деген сөздөр менен толукталсын.
7. 11-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жогорку органы болуп саналат, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу Башкы прокурор башчылык кылат.
Башкы прокурор ушул Мыйзам менен каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин макулдугу менен же болбосо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын үчтөн экисинин жактыруусу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматынан бошотулат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Башкы прокурордун кызматына сунуш кылынган талапкер добуштардын талап кылынган санын албаса, анда Кыргыз Республикасынын Президенти 14 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жаңы талапкерди сунуштайт.".
8. 12-беренеде:
1-бөлүктө:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) мыйзам менен белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана укуктук жардам жана кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коет;";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кылмыш жасады деп айыптоо коюлган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин иш-аракеттеринде кылмыштын белгилери бар экендиги жөнүндө корутунду берет;";
4-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбеген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга;".
9. 19-берененин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары менен мекемелеринде кызмат өтөө тартиби жөнүндө" Жободо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен" деген сөздөргө, 49-беренедеги "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө" Жобо менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен" деген сөздөргө, 56-берененин 12-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары менен мекемелеринде кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө" Жобого" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 20-беренеде:
2 жана 3-бөлүктөрдөгү "колдонуудагы" деген сөз алып салынсын;
5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эл аралык-укуктук кызматташтык процессинде прокуратура Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырманы, экстрадициялоо жөнүндө өтүнүчтү, макулдашууну жана башка актыларды колдонот.".
11. 25-берененин 1-бөлүгүндөгү "коомдук (диний), коммерциялык эмес бирикмелердин" деген сөздөр "уюмдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
12. 31-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төмөнкүлөр көзөмөлдүн предмети болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, кызматтар жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоо, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды так жана бир түрдүү аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдары тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле ушул беренеде көрсөтүлгөн органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан чыгарылган укуктук актылардын мыйзамдарга ылайык келүүсү.".
13. 32-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
14. 33-берененин 1-бөлүгүндөгү ", ошондой эле башкаруу органдары жана коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери" деген сөздөр алып салынсын.
15. 44-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө Жобо менен аныкталат.".
16. 45-беренеде:
4-бөлүктөгү "Башкы прокурор тарабынан белгисиз мөөнөткө же 5 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишиминин шарттарында" деген сөздөр "мыйзамдар менен белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10-бөлүктөгү "5 жылда" деген сөздөр "3 жылда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 47-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47-берене. Прокурордук кызматкерлердин атайын класстык чендери,
класстык чендери жана аскердик наамдары
1. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө, алардын ээлеген кызмат ордуна жана иш стажысына ылайык "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын класстык чендер, класстык чендер жана аскердик наамдар берилет.
2. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жана мекемелеринин прокурорлору жана тергөөчүлөрү үчүн ээлеген кызмат орду боюнча төмөнкүдөй чектүү атайын класстык чендер жана аскердик наамдар берилет:
Класстык чендер | Кызмат орду |
Юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | Башкы прокурор |
Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | Башкы прокурордун биринчи орун басары |
Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | Башкы прокурордун орун басарлары, Бишкек шаарынын прокурору, Чүй жана Жалал-Абад областтарынын прокурорлору |
Юстициянын генерал-майору | Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору - Башкы прокурордун орун басары |
Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси
Юстициянын полковниги | Областтардын, Ош шаарынын прокурорлору, областтардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокурорлорунун орун басарлары. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору. Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун прокурорлору, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын, Токмок шаарларынын, тиешелүү областтардын Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун прокурорлору. Башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн начальниктери жана начальниктердин орун басарлары, өзгөчө тапшырмалар боюнча Башкы прокурордун улук жардамчысы, Башкы прокуратуранын прокурор-криминалисти, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү
Аскер прокурорунун орун басары. Гарнизондордун аскер прокурорлору |
Юстициянын 2-класстагы кеңешчиси
Юстициянын подполковниги
Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси
Юстициянын майору
| Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын бөлүмдөрүнүн начальниктери. Областтык прокуратуралардын бөлүмдөрүнүн начальниктери, областтардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокурорлорунун улук жардамчылары. Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун прокурорлорунун орун басарлары. Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын, Токмок шаарларынын прокурорлорунун орун басарлары. Тиешелүү областтардын Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун орун басарлары. Шаарлардын, райондордун прокурорлору. Башкы прокурордун жардамчысы, Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, прокурордук-тергөөчүлүк кызматкерлерди кесиптик даярдоо борборунун улук прокурорлору жана прокурорлору, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүлөрү жана областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын бөлүмдөрүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрү
Аскер прокурорунун улук жардамчысы, аскер прокуратурасынын бөлүмүнүн начальниги, аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, гарнизондордун аскер прокурорлорунун орун басарлары
Шаарлардын, райондордун прокурорлорунун орун басарлары. Областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын бөлүмдөрүнүн начальниктеринин орун басарлары, областтык прокуратуралардын бөлүмдөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору, областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүлөрү, областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү
Аскер прокуратурасынын бөлүмдөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору, аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү. Бишкек гарнизонунун улук тергөөчүсү. Баткен гарнизонунун тергөөчүсү |
1, 2, 3-класстагы юрист, кенже юрист
Юстициянын капитаны, юстициянын улук лейтенанты, юстициянын кенже лейтенанты | Шаарлардын, райондордун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун улук жардамчылары жана жардамчылары. Шаардык, райондук жана адистештирилген прокуратуралардын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү
Гарнизондун аскер прокурорунун улук жардамчылары, гарнизондун аскер прокурорунун жардамчылары. Гарнизондун аскер прокуратурасынын улук тергөөчүсү, гарнизондун аскер прокуратурасынын тергөөчүсү |
3. Атайын класстык ченде болуунун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
кенже юристтин - 1 жыл;
3-класстагы юристтин - 2 жыл;
2-класстагы юристтин - 2 жыл;
1-класстагы юристтин - 3 жыл;
юстициянын 3 класстагы кеңешчисинин - 3 жыл;
юстициянын 2-класстагы кеңешчисинин - 4 жыл.
Юстициянын 1-класстагы кеңешчисинин ченинде болуунун мөөнөттөрү белгиленбейт.
Класстык ченде жана аскердик наамда болуунун мөөнөттөрү мыйзамдар менен белгиленген тартипте аныкталат.
Прокурордук кызматкерлерге атайын класстык чендер, класстык чендер жана аскердик наамдар ээлеген кызмат ордун, атайын класстык ченде, класстык ченде жана аскердик наамда болуунун мөөнөтүн, аттестациянын натыйжаларын эске алуу менен ушул Мыйзамга ылайык Башкы прокурор тарабынан аныкталган тартипте берилет.
4. Юстициянын 3, 2, 1-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендерин, юстициянын генерал-майорунун аскердик наамын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.
Юстициянын 3, 2, 1-класстардагы кеңешчисинин, 3, 2, 1-класстардагы юристтин, кенже юристтин атайын класстык чендерин, ошондой эле прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине юстициянын кенже лейтенанты, лейтенанты, улук лейтенанты, капитаны, майору, подполковниги, полковниги аскердик наамдарын ыйгаруу Башкы прокурор тарабынан жүргүзүлөт.
5. Эгерде акыркы класстык ченде (аскердик наамда) болуунун мөөнөтү кезектеги класстык ченди (аскердик наамды) ыйгаруу үчүн зарыл мөөнөттүн кеминде 3/2син түзсө, кезектеги атайын класстык чен (аскердик наам) мөөнөтүнөн мурда кызматтык милдетти үлгүлүү аткаргандыгы жана иште өзгөчө айырмалангандыгы үчүн прокуратура органдарында жана мекемелеринде иштеген убагында бир жолу гана өзгөчө учурларда сыйлоо тартибинде ыйгарылат.
Мында юстициянын 3, 2, 1-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендерин албаганда, прокуратура органдарында жана мекемелеринде иштеген убагында ээлеген кызмат орду боюнча прокуратура органдарындагы узак жана кынтыксыз кызматы үчүн кезектеги атайын класстык чен жана аскердик наам тиешелүүлүгүнөн жогору (бирок бир атайын класстык ченден же аскердик наамдан жогору эмес) бир жолу гана ыйгарылышы мүмкүн.
6. Ушул берененин 2-бөлүгү менен белгиленген ырааттуулукту сактабастан атайын класстык чендерди (аскердик наамдарды) ыйгарууга жол берилбейт.".
18. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 49-1-берене менен толукталсын:
"49-1-берене. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү жазык жана
администрациялык жоопкерчиликке тартуунун тартиби
1. Прокуратура органдарына прокурордун же тергөөчүнүн укук бузган фактысы жөнүндө маалыматты ар кандай текшерүү, аларга каршы жазык ишин козгоо (прокурор же тергөөчү кылмыш үстүндө кармалган учурдан тышкары) тергөө өндүрүшүн жүргүзүү прокуратура органдарынын жеке компетенциясы болуп саналат.
2. Прокурорго же тергөөчүгө карата козголгон кылмыш ишин тергөө мезгилинде ал кызматынан четтетилет.
3. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзамда каралган, ошондой эле прокурор же тергөөчү кылмыш үстүндө кармалган учурдан тышкары, прокурорду же тергөөчүнү кармоого, алып келүүгө, жеке текшерүүгө, анын буюмдарын жана колдонгон транспортту карап чыгууга жол берилбейт.
4. Кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланыштуу жеке коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында жана кылмыш аракеттерине бөгөт коюу үчүн прокурор жана тергөөчү табелдик куралды сактоого, алып жүрүүгө жана мыйзам менен белгиленген тартипте колдонууга укуктуу.".
19. 50-берененин 1-бөлүгүндөгү "Президенти тарабынан" деген сөздөр "мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20. 51-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51-берене. Прокурордук кызматкерлерди пенсия менен камсыз кылуу
1. Пенсиялык куракка жеткен прокурорлорго жана тергөөчүлөргө мыйзам менен каралган тартипте жана учурларда жалпы негиздерде пенсия төлөнөт.
2. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө дайындалган пенсияга төмөнкүдөй тартипте жана өлчөмдөрдө үстөк төлөнөт:
1) 15тен 20 жылга чейинки иш стажында - дайындалган пенсиянын 1,5 эселенген өлчөмүндөгү үстөк;
2) 20дан 25 жылга чейинки иш стажында - дайындалган пенсиянын 2 эселенген өлчөмүндөгү үстөк;
3) 25 жана андан ашык жыл иш стажында - дайындалган пенсиянын 2,5 эселенген өлчөмүндөгү үстөк.
3. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө үстөктөрдү эсептөө үчүн стажды жана пенсиянын өлчөмүн эсептөө пенсиялык куракка жеткен учурга карата белгиленет.
Дайындалган пенсияга карата үстөктү эсептөө үчүн иш стажына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдөгү кызматы жана прокурор, тергөөчү катарында иши кошулат.
4. Ушул берене менен белгиленген үстөктөрдү төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аркылуу жүзөгө ашырылат.
5. Башка прокурордук кызматкерлерди пенсия менен камсыз кылуу мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.".
21. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 52-1- жана 52-2-беренелер менен толукталсын:
"52-1-берене. Прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат
өтөөнү токтотуунун негиздери
1. Прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө прокурордук кызматкер иштен бошогондо токтотулат.
2. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган негиздерден тышкары, прокурордук кызматкер отставкага чыккандыгына байланыштуу жана прокуратура органынын жетекчисинин демилгеси боюнча төмөнкүдөй учурларда иштен бошотулушу мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
2) прокурордун (тергөөчүнүн) антын бузганда, ошондой эле прокурордук кызматкердин ар намысын жаманатты кылган жосундарды жасаганда;
3) ушул Мыйзамдын 46-беренесинде каралган кызматка байланыштуу чектөөлөрдү сактабаганда.
52-2-берене. Прокурордук кызматкердин отставкасы
1. Кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу прокурордук кызматкердин өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кызматтык милдеттерин аткаруусун токтотуусу отставка болуп саналат.
2. Төмөнкүлөр отставка үчүн негиздер болуп саналат:
1) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын чечимине принципиалдуу макул эместик, ошондой эле прокуратура органдарында кызматта болуусу үчүн этикалык тоскоолдуктар;
2) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын мамлекетке, юридикалык жана жеке жактарга бир кыйла материалдык же болбосо моралдык зыян келтириши мүмкүн болгон, колдонуудагы мыйзамга карама-каршы келген чечимдерин аткарууга кызматкерди аргасыз кылуу;
3) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоол болгон ден соолугунун абалы (медициналык корутундусу болгон учурда).
3. Отставкада жүргөн прокурордук кызматкерге пенсиялык куракка жеткендиги боюнча пенсия дайындалат.".
22. 53 жана 59-беренелердин 1-бөлүгүндөгү "жана борборлоштурулган" деген сөздөр алып салынсын.
23. 66-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү пенсия менен камсыз кылуу бөлүгүндөгү колдонулушу 2012-жылдын 1-январына чейин пенсияга кеткен адамдарга да жайылтылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 20-пункту 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентине бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунуш кылынсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |