Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 14-марты №12
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 321-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 2-статьяда:
1-бөлүктө:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдардан;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка чийиндик көрсөткүчтөрүн, жалпы массасын жана октук жүгүн таразага тартуу жана өлчөө үчүн алынуучу жыйымдардан;";
3-бөлүгү алып салынсын.
2. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын
жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү
үчүн жана транспорт каражаттарынын салмактык-көлөмдүк
көрсөткүчтөрүн өлчөө үчүн алынуучу жыйымдар
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жана транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка чийиндик көрсөткүчтөрүн, жалпы массасын жана октук жүгүн таразага тартуу жана өлчөө үчүн алынуучу жыйымдардан түшүүлөр, алар белгиленген тартипте киргизилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жол фондуна жиберилет.
Жыйымдарды алуу, бөлүштүрүү тартиби жана өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
3. 7-статьяда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ