Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 17-марты №16
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө-мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө-мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук тууралуу Келишим Уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Атамбаев |