Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 17-марты №18
2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган 1979-1989-жылдардагы Афганстандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөк коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөк калдыктарын идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2009-жылдын 22-майында Астана шаарында кол коюлган 1979-1989-жылдардагы Афганстандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын издөөнү, сөөк коюлган жерин издөөнү, эксгумациялоону, сөөк калдыктарын идентификациялоону жана аларды Ата Мекенинде кайрадан жерге коюуну улантуу жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин чечими ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Чечимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |