Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 17-марты № 23
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 13-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок, этностук кыргыз болуп саналган адамдар, Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн кайтып келгенде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган, Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн келген аял жынысындагы чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап туруунун мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттар сакталбастан мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат. Аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу алардын башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен, башка мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыгуусуз эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат.".
3. 35-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"3. Этностук кыргыздар, Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган аял жынысындагы чет мамлекеттик жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда мамлекеттик алымдарды жана консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |