Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 17-марты №24
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун түзүлүштөрүнүн күчтөр менен каражаттарынын статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун түзүлүштөрүнүн күчтөр менен каражаттарынын статусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |