Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 17-марты № 25
2009-жылдын 14-июнунда Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын жашыруун башкаруу системасын түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2009-жылдын 14-июнунда Москва шаарында кол коюлган жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын жашыруун башкаруу системасын түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө жамааттык коопсуздук тууралуу Келишим Уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |