МыйзамКүчүн жоготту

КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 30 «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 11-апрели №30

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

329-статьяда:

берененин аталышында "лицензиясыз жана" деген сөздөрдөн кийин "квалификациялык" деген сөз менен толукталсын;

2-бөлүктүн биринчи абзацында "күбөлүгүсүз баалуу кагаздар менен" деген сөздөрдөн мурун "квалификациялык" деген сөз менен толукталсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын                     Президенти

 

А.Атамбаев