КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 23-апрели № 44
2011-жылдын 7-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор) (II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел ашуусу)
ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2011-жылдын 7-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоор)(II участок: Долон ашуусу - Кызыл-Бел ашуусу) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт фондуна белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |