Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 40 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 172
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" Убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү процессинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (тиркемеге ылайык).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |