Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 14-майы № 53
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
16-статьянын 5-бөлүгүндө:
"Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |