КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 18-майы № 58
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлүк формалардагы "Улуттук байланыш агентствосу" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агентствосу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлүк формалардагы "Транспорт жана байланыш министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "транспорт жана коммуникациялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 6-статьянын 7-бөлүгүндө "Республиканын Президенти тарабынан" деген сөздөр "Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 7-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.".
5. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "ишкана-монополисттеринин" деген сөздөрдөн кийин "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 13-статьянын 4 жана 5-бөлүктөрү "Кыргызтелеком" деген сөздөн кийин "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 17-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "агентствосу" деген сөздөн кийин "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-статьянын 1-бөлүгүндө "чет өлкөлүк" жана "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөр алып салынсын; "мамлекеттик" деген сөз "Мамлекеттик" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 9-статьяда:
"в" пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин" деген сөздөр "курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"г" пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентствонун" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |