КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 18-майы № 60
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
9-статьяда:
13-пунктунда "электр," деген сөз алып салынсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14) электр энергиясына тарифтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен бекитет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |