Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 26-майы № 66
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 133 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 15-беренеде:
берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордун ээлөө үчүн талап кылынган юридикалык кесип боюнча иш стажына ушул конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген жергиликтүү соттордун судьялары үчүн каралган кызмат орундарындагы иштөө убактысы кошуп эсептелет.";
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку соттун, анын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушуна негизделген Президенттин сунуштамасы боюнча, бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Жогорку соттун судьялары Конституцияда белгиленген жаш курак чегине жеткенге чейин шайланат; Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары - биринчи жолу 7 жылдык мөөнөткө, ал эми андан кийин - Конституцияда белгиленген жаш курак чегине жеткенге чейин шайланат.";
3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс ушул конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинде белгиленген тартипте, конкурстук тандоо өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.";
6-бөлүктө "талапкерлердин өздүк делолорун иликтөөнүн жана алар менен аңгемелешүү өткөрүүнүн" деген сөздөр "конкурстук тандоонун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-бөлүк менен толукталсын:
"6-1. Президент өз чечимин жүйөөлөштүрүү менен, Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарып берүүгө укуктуу. Эгерде Судьяларды тандоо боюнча кеңеш талапкерди Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна дайындоого бөгөт болуучу жагдайларды белгилебесе, анда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президент тарабынан Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн он жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке андан ары көрсөтүлүшү үчүн ошол эле талапкер боюнча сунушту Президентке кайра киргизет. Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна мурда сунуш кылынган талапкерди Президентке кайрадан киргизүү жөнүндө чечим Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президент тарабынан баяндалган жагдайларга макул болгон учурда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жаңы конкурс жарыялайт.".
2. 17-берененин 4-бөлүгүндө:
төртүнчү абзацта "Жогорку Кеңештин депутаттарынын (юридикалык жогорку билим алган учурдан тартып)" деген сөздөр "жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын юридикалык жогорку билими бар жардамчыларынын," деген сөздөргө алмаштырылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мында адистиги боюнча иш стажына орунду ээлөөдө юридикалык жогорку билимдин болушунун милдеттүүлүгүн талап кылган кызмат орундарында иштеген убакыт кошуп эсептелет.".
3. 18-беренеде:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордун ээлөө конкурстук тандоону өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.";
4-бөлүктүн экинчи абзацында:
- үчүнчү сүйлөмдө "Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн зарыл сандагы добушун ала албаса" деген сөздөр "Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоого сунушталбаса" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- абзац төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Мындай судья анын талапкерлиги Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан четке кагылган күндөн тартып бир жылдан кийин гана судьялардын бош кызмат орундарына болгон башка конкурстарга катышууга укуктуу.".
4. 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Конкурстук тандоо
1. Конкурстук тандоого төмөнкүлөргө жол берилет:
1) иштеп жаткан судьялар;
2) конкурска катышууга берген арызынын жана адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуу мөөнөтү он жылдан ашпаган судьялык иш стажы бар адамдар;
3) экзамен берүүнүн натыйжалары боюнча сертификат алган адамдар.
2. Конкурстук тандоо үч турда өткөрүлөт.
Биринчи турда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:
- талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жөнүндө декларацияларын;
- талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматтарды (талапкерге мүнөздөмөлөр, сунуштар).
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьянын бош кызмат ордуна талапкердигин көрсөтүп жаткан талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жөнүндө декларациясын суратып алууга милдеттүү.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш биринчи турда документтерди иликтөөнүн натыйжалары боюнча талапкерди конкурстук тандоонун экинчи туруна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Талапкерди конкурстук тандоонун экинчи туруна киргизүү жөнүндө чечим Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
Эгерде конкурстук тандоонун экинчи туруна талапкерди киргизүү үчүн Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, ал конкурстук тандоонун экинчи туруна киргизилген болуп эсептелет.
3. Конкурстук тандоонун экинчи турунда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш талапкерлерге төмөнкүлөрдү сунуш кылат:
1) берилген укуктук темага дилбаян жазуу жана аны оозеки баяндоо;
2) Кыргыз Республикасынын конституциялык укук жана сот өндүрүшү, жазык, жазык-процесстик, жарандык жана жарандык-процесстик мыйзамдары боюнча суроолорго жооп берүү.
Укуктук темалар жана суроолор Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан жыл сайын бекитилет жана Судьяларды тандоо боюнча Кеңештин расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Дилбаянды оозеки баяндоону жана берилген суроолорго жоопторду уккандан кийин Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрү ар бир талапкерге балл (баа) коюшат.
Өтүү баллын алышкан бардык талапкерлер судьялардын бош кызмат орундарынын санына карабастан үчүнчү турга киргизилет.
Өтүү баллы жыл сайын Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан бекитилет.
Өтүү баллынын көпчүлүк санын алган талапкерлер добуш берүү бюллетенине киргизилет.
Өтүү баллын албаган талапкерлер Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан алардын талапкерлиги четке кагылган күндөн тартып бир жылдан кийин судьялардын бош кызмат орундарына башка конкурстарга катышууга укуктуу.
4. Судьянын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо төмөнкү учурларда өтпөй калган болуп таанылат:
1) эгерде судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө арыздар келип түшпөсө;
2) эгерде конкурстук тандоонун биринчи турунан кийин судьянын ушул бош кызмат ордуна талапкерлер калбаса.
Бул учурда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жаңы конкурс жарыялайт.
5. Эгерде конкурстук тандоонун экинчи турунун натыйжалары боюнча судьянын бир бош кызмат ордуна бир талапкер калса, конкурстук тандоонун үчүнчү туру өткөрүлбөйт, ал эми мындай талапкер судьялыкка дайындоо же шайлоо үчүн сунушталды деп эсептелет.
6. Конкурстук тандоонун бардык материалдары талапкердин өздүк делосуна тиркелет. Конкурска катышкан талапкерлердин өздүк делолору кайтарылып берилбейт жана мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат.".
5. 22-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо үчүн талапкерге сунуштама Президентке киргизилет.
Президент өзүнүн жүйөөлөнгөн чечими менен сунушталган талапкер боюнча материалдарды алган күндөн тартып он күндүн ичинде Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарып берүүгө укуктуу. Бул учурда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жаңы конкурс өткөрөт жана бош кызмат ордуна башка талапкерди сунуш кылат.".
6. 35-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүк менен толукталсын:
"2-4. Ушул конституциялык Мыйзамдын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстук тандоону өткөрүү үчүн судьянын бош кызмат орду болушу бөлүгүндөгү ченемдери 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруу алкагында өткөрүлүүчү конкурстук тандоо учурларына жайылтылбайт.".
3-берене.
2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан судьяларды тандоо аяктаган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 4-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацын кошпогондо, ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан өткөрүлгөн Жогорку соттун судьялык кызмат орундарына судьяларды конкурстук тандоонун натыйжалары жокко чыгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 26-майы № 66
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 133, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 133 Конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 Конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 Конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |