Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 26-майы № 67
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 7-статьянын 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 11-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) жогору турган органдын же кызмат адамынын мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга зыян келтиргени далилденген учурларды кошпогондо, алардын иш-аракеттерин көпчүлүк алдында айыптоого.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |