Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 28-майы № 68
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 345-беренеде:
2-бөлүктүн биринчи абзацы "салык органдары кызматы тарабынан берилүүчү" деген сөздөрдөн кийин "же төлөм терминалы аркылуу салык төлөөчү сатып алуучу" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүк "ишкердикти жүргүзгөн орду боюнча салык кызматынан" деген сөздөрдөн кийин "же төлөм терминалы аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 355-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, патент удаалаш өтүүчү 1, 2, 15, 30, 90 же 180 күнгө сатып алынышы мүмкүн. Патентти 90 күнгө сатып алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 күнгө сатып алууда - 10 пайызга төмөндөйт.
Төлөм терминалы аркылуу сатып алынуучу патент удаалаш өтүүчү 1ден 30 күнгө чейинки мөөнөткө сатып алынышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |