КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-майы № 70
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
25-статьянын 3-пунктунда:
- "г" пунктчасында "мындай акционердин соттун жыйналышына өзүнүн милдеттүү катышуусу менен," деген сөздөр алып салынсын;
- "д" пунктчасында "бул акционердин соттун жыйналышына өзүнүн милдеттүү катышуусу менен," деген сөздөр алып салынсын;
- "е" пунктчасында "бул акционердин соттун жыйналышына өзүнүн милдеттүү катышуусу менен" деген сөздөр алып салынсын;
- "з" пунктчасында "бул акционердин соттун жыйналышына өзүнүн милдеттүү катышуусу менен" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |