Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-майы № 74
"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 327-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
6-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн мунай менен газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды себептерин көрсөтүү менен календарлык жылдын ичинде алты айдан ашпаган мөөнөткө экспорттоого тыюу салууга укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |