Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 1-июну № 75
2011-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |