Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 15-июну № 84
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 9-статьянын 5 жана 6-пункттарынын биринчи абзацында "Жогорку Кеңеши" деген сөздөрдөн кийин "менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө".
2. 2-статьяда "Өкмөтүнүн көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 32-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |