Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-июну № 91
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу"
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "айылдык, шаарча, шаардык жана райондук" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "айылдык жана шаардык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерди", "жалпы мамлекеттик кирешелерден" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерден" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 15-статьянын 6-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстинде "жалпы мамлекеттик кирешелердин чегерүүлөрүнүн" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 18-статьянын мамлекеттик тилдеги текстинде ", поселкалык" деген сөз алып салынсын.
4. 33-статьяда:
1-пунктунда:
- биринчи абзацта "Айылдын, поселканын жана шаардын" деген сөздөр "Айылдын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын:
- 8-пунктчада "айылдык, поселкалык жана шаардык" деген сөздөр "айылдык жана шаардык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 34-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден
жергиликтүү бюджеттерге чегерүүнүн тартиби".
6. 46-статьянын 1-бөлүгүндө "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" деген сөздөр "айылдын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 47-статьянын 1-бөлүгүндө "поселоктордун," деген сөз алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |