Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-июну № 92
2012-жылдын 3-майында кол коюлган "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" (ЭӨА гранты № Н358-КG) боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга карата Долбоордун жабылыш датасын узартуу жана өнүктүрүү максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу толуктоо-катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2012-жылдын 3-майында кол коюлган "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" (ЭӨА гранты № Н358-КG) боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга карата Долбоордун жабылыш датасын узартуу жана өнүктүрүү максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу толуктоо-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана толуктоо-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду кыргыз тараптын аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |