КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-июну № 93
Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 9-октябрында Вашингтон шаарында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору үчүн Европа Союзунун Азык-түлүк кризисине тез чара көрүү боюнча программасынын № ТF 096043 гранты боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |