Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 12-январы ПУ N 37 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ «Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу 1. «Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруужөнүњдө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 3-пункттун «а» пунктчасында: төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланышагентствосу»: алтынчы абзац жетинчи абзац деп эсептелсин; - 4-пункттун «в» пунктчасынын экинчи абзацы алып салынсын. - 5-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагыМамлекеттик салык инспекциясынын Кызаттык тергөө башкармасынын, КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажыинспекциясынын Жеке коопсуздук башкармасынын жана КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салыкинспекциясынын Салык полициясы башкармасынын базасында мамлекеттик(укук коргоо) органынын статусу менен Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин алдында Финансы полициясы башкармасы түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Указдан келип чыкканмаселелерди чечсин. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев