Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 10-июлу № 101
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
363-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"363-статья. Арызды берүү
Сот актысын жаңыдан келип чыккан жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз же сунуштама ишке катышы бар жактар тарабынан ишти биринчи инстанцияда караган сотко, кайра кароо үчүн негиз болуучу жагдайлар аныкталгандан кийин үч айдын ичинде берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |