Редакцияот 12.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 12-июлу № 103

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасында грант берүү жөнүндө Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасында грант берүү жөнүндө Кредиттик жана Гранттык макулдашуулар ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылганы жөнүндө Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгына билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев