Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203
конституциялык Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 12-июлу № 104
Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча
Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө
(КР 2022-жылдын 30-июнундагы N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Улуттук борборду уюштуруу жана анын иштөөсү
3-глава. Улуттук борбордун көз карандысыздыгынын кепилдиктери
4-глава. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма
баруулар
5-глава. Улуттук борбордун мамлекеттик органдар жана эл аралык
уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
6-глава. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жерлеринде кармалып турган адамдарга карата кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу тутумун түзүүгө багытталган жана кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборун (мындан ары - Улуттук борбор) уюштуруу жана иш тартибин аныктайт.
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле жана жаза (мындан ары - катаал мамиле) - адамды инсан катары басмырлаган же анда адамдын адеп-ахлактык же кара күчтүк каршы туруусун майтарышы мүмкүн болгон коркуу, өзүн кемтик сезүү туюмун пайда кылган, ал ошондой эле убакта жетиштүү дене-бойлук же адеп-ахлактык күчтүү жабыр тартуусун пайда кылуусу мүмкүн болгон мамиле жана жаза;
эркиндигинен ажыратуучу жайлар - администрациялык кармоого же камакка алууга кириптер кылынган адамды, кылмыш жасоого шек саналып кармалганды, кылмыш жасоого айыпталганына байланыштуу камакка алынганды, соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жатканды кармоо үчүн эсептелген жайлар, анын ичинде:
убактылуу кармоочу камералар, убактылуу кармоочу изоляторлор жана тергөө изоляторлору;
жатак абактар, түзөтүү абактары, тарбиялоо абактары, түрмөлөр;
ички иштер органдарынын кабыл алуу-бөлүштүрүү жайлары;
гүппактар;
администрациялык кармоого кириптер кылынган адамдарды кармоо үчүн чек ара кызматы органдарынын жайлары;
республиканын ичинде айдалган адамдарды же баш калка издегендерди кабыл алуу жана убактылуу жайлаштыруу түйүндөрү;
эркиндигин чектөөчү жайлар - өзүнүн мүнөздөмөсү боюнча эркиндигинен ажыратуучу жайлар катары жиктелбеген, адамдар мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) тескемеси боюнча туруучу же болбосо анын уруксаты менен туруучу, аны өз эркинче таштап кете албаган кандай гана болбосун жайлар, анын ичинде:
укук коргоо органдары жайгашкан жерлер жана объекттер;
жашы жетелектерди көнүктүрүү жана реабилитациялоо борборлору;
ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздук органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик бөлүктөрү;
психоневрологиялык мекемелер;
психикалык оорулар, аракечтик, баңгилик жана токсикомания менен ооругандарды мажбурлап дарылоо үчүн адистештирилген мекемелер;
кары-картаңдар, жашы жетелектер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес медико-социалдык мекемелер (кары-картаңдар үчүн үйлөр, балдар үйлөрү ж.б.);
тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын мекемелер;
улуттук алдын алма механизми - бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын - Улуттук борбордун иши аркылуу иштеген эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолорду жана катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын башка түрлөрүнүн алдын алуу тутуму;
эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарды кыйноолордон жана катаал мамилелерден коргоо жана кармоонун шарттарын жакшыртуу максаттарында, Улуттук борбордун кызматкерлери, Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана эксперттер тарабынан алдын ала кабарландыруусуз үзгүлтүксүз негизде кайсы убакта болбосун жүзөгө ашырылуучу эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына тоскоолдуксуз баруулары;
кыйноо - андан же башка адамдан маалымат же моюнга алууну алуу максатында жасалган кандайдыр бир адамды дене-бойлук же психикалык азаптарга атайлап кириптер кылуу, ал же башка адам жасаган же аны жасады деп шек саналган жосун үчүн аны жазалоо, ошондой эле ар кандай мүнөздөгү басмырлоого негизделген ар кандай себептер боюнча мындай жосун кызмат адамы тарабынан же болбосо анын шыкактоосу же уруксаты боюнча же кандай болбосун башка адам тарабынан анын унчукпаган макулдугу менен жасалган аны же башка адамды коркутуу же белгилүү бир аракеттерди жасоого мажбурлоо.
2-берене. Ушул Мыйзамдык колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалып турган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу тутумун уюштуруу жана иштөөсү менен байланыштуу келип чыккан мамилелерди, Улуттук борбордун, мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын ортосундагы мамилелерди жана ушул чөйрөдө пайда болгон башка мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) (мындан ары - Акыйкатчы (Омбудсмен), мамлекеттик органдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына баруусуна укуктарын чектебейт.
3-берене. Улуттук борбордун ишинин укуктук негизи
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары Улуттук борбордун ишинин укуктук негизи болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин нормалары түздөн-түз колдонулат жана башка эл аралык келишимдин нормаларына караганда артыкчылыкка ээ болот.
4-берене. Улуттук борборду уюштуруунун жана иштөөсүнүн принциптери
1. Улуттук борборду уюштуруу жана анын иштөөсү мыйзамдуулук, көз карандысыздык, айкындуулук, калыстык жана жыныс, расалык, тилдик, этностук таандыкты, ата-теги, дин тутуу, жаш курак, майыптуулук, саясий же башка ынаным, билим деңгээл, мүлктүк жана башка абалынын, ошондой эле башка жагдайларынын белгилери боюнча басмырлабоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бул иш-чаралар жана аракеттер кыйноолорду жана катаал мамиле менен коштолгон, жана мындай кийлигишүүлөр адамга жана анын укуктарына түздөн-түз келтирилген коркунучтарды четтетүү үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, Улуттук борбордун ыйгарым укуктарын ишке ашырууда ыкчам-издөө, контрчалгындоо иш-чаралар жана жазык-процесстик аракеттер өндүрүшүнө кийлигишүүгө жол берилбейт.
(КР 2022-жылдын 30-июнундагы N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Улуттук борбор
1. Улуттук борбор - кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы Конвенцияга карата Факультативдик протокол боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттемелерин аткарууга көмөктөшүү максатында түзүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
2. Улуттук борбор юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча теңдемге, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн банктарында эсептик, валюталык жана башка эсептерге, өзүнүн аталышы менен гербдүү мөөргө, бурч мөөргө, фирмалык бланкаларга, өз символикасы жана башка зарыл маалымдаректерге ээ болот.
3. Улуттук борбор өзүнүн иштерин ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында берилген компетенциясынын чектеринде өз алдынча уюштуруучу жана жүзөгө ашыруучу көз карандысыз орган болуп саналат. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына Улуттук борбордун ишине байланыштуу маселелерди чечүүгө кандай гана формада болбосун кийлигишүүгө тыюу салынат.
4. Координациялык кеңеш жана директор Улуттук борбордун башкаруу органдары болуп саналат.
5. Улуттук борбордун түзүмү жана штаттык саны Улуттук борбордун бардык облустардагы жана Бишкек жана Ош шаарларындагы өкүлчүлүктөрүнүн (өкүлдөрүнүн) милдеттүү иштөө талаптарын сактоону эске алуу менен, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын санын, географиялык жайгашуусун жана толтурулуусун эске алуу менен, Улуттук борбордун директорунун сунуштамасы боюнча Координациялык кеңеш тарабынан бекитилет.
6. Улуттук борбордун кызматкерлери кызмат орундарына сынактык тандоонун натыйжалары боюнча Координациялык кеңештин сунуштамасы боюнча Улуттук борбордун директору тарабынан дайындалат. Улуттук борбордун кызматкерлеринин бош кызмат ордундарына сынактык тандоо Координациялык кеңештин регламентинде белгиленген эрежелер боюнча, Координациялык кеңеш тарабынан жүргүзүлөт.
7. Улуттук борбордун кызматкерлери кызматтарынан Улуттук борбордун директору тарабынан бошотулат.
8. Улуттук борбордун кызматкеринин кызмат ордуна талапкерлерди тандоодо гендердик тең салмактуулук жана ар кандай этностук топтордун, азчылык топторунун болуулары камсыз кылынат.
9. Улуттук борбордун кадрдык курамында бир жыныстын өкүлдөрү 70 пайыздан көбүрөөгүн түзбөөсү тийиш. Эгерде Улуттук борбордун кызматкеринин бош кызмат ордуна сынак боюнча ар башка жыныстагы эки талапкер өтсө, анда бирдей шарттарда Улуттук борбордо азчылыкты түзгөн жыныстагы талапкер кабыл алынуусу тийиш.
10. Улуттук борбордун кызматкерлерине эмгек акы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгек акысынын деңгээлинде белгиленет.
6-берене. Улуттук борбордун максаттары жана милдеттери
1. Улуттук борбордун негизги максаты эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалып турган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу жана кармоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат.
2. Улуттук борбордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу жана кармоонун шарттарын жакшыртуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу, координациялоо жана анын аткарылышына көз салуу, анын ишке ашырылышына катышуу;
2) Улуттук борбордун кызматкерлери, Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана эксперттер тарабынан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына үзгүлтүксүз алдын алма барууларынын тутумунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу;
3) кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга алып келүүчү себептерди жана шарттарды четтетүүгө багытталган агартуучулук жана билим берүүчүлүк иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) кыйноолорго жана катаал мамилеге каршы күрөшүү жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө көмөктөшүү;
5) кыйноолорду жана катаал мамиленин алдын алуу тутумунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
6) коомдо кыйноолорго жана катаал мамилеге карага келишпестикти калыптандыруу жана алар менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү;
7) кыйноолор жана катаал мамиле менен күрөшүү жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
7-берене. Улуттук борбордун функциялары жана укуктары
1. Улуттук борбор:
1) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына үзгүлтүксүз алдын ала барууну жүзөгө ашырат;
2) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жерлерине үзгүлтүксүз алдын алма барууларынын методологиясын жана ар жылдык программасын иштеп чыгат;
3) кыйноолорду жана катаал мамилелердин колдонулушуна алып келүүчү себептерди жана шарттарды четтетүүгө жана коомчулуктун адам укуктары жаатындагы мыйзамдар, аларды коргоонун механизмдери жөнүндө кабардар болуусун жогорулатууга багытталган маалыматтык жана агартуучулук иш-чараларды жүзөгө ашырат;
4) өлкө боюнча алдын алма баруулардын тажрыйбасын мезгил-мезгили менен жалпылайт жана эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларындагы кыйноолордун жана катаал мамилелердин абалын талдоого алат;
5) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамиле жасоону колдонууга алып келген же алып келүүсү мүмкүн болгон тутумдук себептерди аныктайт, аларды мамлекеттик органдарга жана коомчулукка жеткирет;
6) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамиле жасоону колдонууга алып келүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча сунуштамаларды иш жүзүндө ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен тикелей байланыштарды түзөт, маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
7) тергөө иштерин жүргүзүү жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамиле жасоонун белгиленген фактылары жөнүндө билдирүүлөрдү прокуратура органдарына жөнөтөт;
8) коммерциялык эмес уюмдардын, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын администрацияларынын, кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу башка органдар менен кызматташуусуна көмөктөшөт;
9) жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук борбордун веб-сайтында эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууларынын натыйжаларын чагылдырууну уюштурат;
10) БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кичи комитети (мындан ары - алдын алуу боюнча Кичи комитет), башка мамлекеттердин улуттук алдын алма механизмдери, эл аралык уюмдар менен байланыштарды жана маалымат алмашууну белгилейт, алар менен кызматташуу жана өз ара жардамдар жөнүндө макулдашууларды түзөт;
11) кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу жаатында колдонуудагы мыйзамдарга же мыйзам долбоорлоруна тиешелүү сунуштарды жана сын-пикирлерди берет;
12) адам укуктары боюнча эл аралык органдарга адам укуктарын камсыз кылуу жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын отчетторун даярдоого жана берүүгө катышат;
13) Улуттук борборду каржылоо үчүн зарыл каражаттардын көлөмүн өз алдынча аныктайт жана чыгашалар сметасынын чектеринде каражаттарды өз алдынча тескейт.
2. Улуттук борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу, кармоо шарттарын жакшыртуу жаатында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына сунуштарды киргизүүгө;
2) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык эмес уюмдардан белгиленген тартипте, мыйзамда корголгон талдоочулук, маалыматтык-статистикалык материалдарды кошпогондо, өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, кандай гана болбосун маалыматтарды суратып алууга.
8-берене. Улуттук борбордун кызматкерлерине карата талаптар
1. Жогорку билимдүү, юрист, педагог, дарыгер, психолог, психиатр, социалдык кызматкер болуп иштөө тажрыйбасы, ошондой эле мигранттар, жашы жетелектер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар сыяктуу коомдун алсыз топтору, этностук жана тилдик азчылыктар менен иштөө тажрыйбасы бар, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын башкарууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун кесипкөй тажрыйбасы же эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, аракетке жөндөмдүү кандай болбосун адам Улуттук борбордун кызматкери болуп шайлана алат.
2. Соттор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазык-аткаруу тутумунун кызматчылары, эркиндиги чектелген жайларда иштеген адамдар (жашы жетелектер, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, мигранттар, жандуу оорулуулар, ж.б.у. сыяктуу өзгөчө алсыз топтор жыш топтолгон жайлар), ошондой эле кылмыш жасаганы үчүн соттолгондугу бар адамдар Улуттук борбордун кызматкери боло алышпайт.
9-берене. Координациялык кеңеш
1. Координациялык кеңеш Улуттук борбордун жогорку башкаруу органы болуп саналат жана он бир мүчөдөн турат.
2. Координациялык кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Акыйкатчы (Омбудсмен) - кызмат орду боюнча;
2) парламенттик көпчүлүк тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) бир депутаты;
3) парламенттик оппозиция тарабынан сунушталган Жогорку Кеңештин бир депутаты;
4) мыйзамда белгиленген тартипте катталган, уставдык иштери кыйноолордон, мамилелердин жана жазалоонун катаал түрлөрүнөн эркин болуу укуктарын коргоо менен байланышкан коммерциялык эмес уюмдардын 8 өкүлү.
3. Координациялык кеңештин курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Акыйкатчыны (Омбудсменди) кошпогондо, бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык Координациялык кеңештин мүчөсү боло албайт. Парламенттик комитеттердин жетекчилери, депутаттык фракциялардын жана/же саясий партиялардын жетекчилери эч кандай чектөөлөрсүз Координациялык кеңештин мүчөсү боло алышат.
4. Координациялык кеңештин мүчөлөрү өз иштерин акысыз негизде жүзөгө ашырат. Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда аларга кызматтык чыгууларга кеткен чыгымдарынын ордун толтурууга кепилдик берилет.
5. Координациялык кеңешке жетекчиликти төрага, ал эми ал болбогондо - анын орун басары жүзөгө ашырат.
6. Координациялык кеңештин ишин уюштурууну жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Улуттук борбор жүзөгө ашырат.
10-берене. Координациялык кеңешти түзүү тартиби
1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин мүчөлөрү парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тарабынан шайланат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай мурда Координациялык кеңештин төрагасы бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасына кабарлайт жана парламенттик көпчүлүктөн жана парламенттик оппозициядан Координациялык кеңештин жаңы мүчөлөрүн шайлоону сунуштайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Координациялык кеңештин төрагасы 10 күндөн кечиктирбестен тиешелүү депутаттык фракциялардын бирикмесинен Координациялык кеңештин мүчөлөрүн шайлоо тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасына кабарлайт.
2. Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын жыйналыштары өз-өзүнчө өткөрүлөт жана алардын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышканда укук ченемдүү болуп саналат.
Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын мүчөлөрүнүн көбүрөөк сандагы добушун алган тиешелүүлүгүнө жараша парламенттик көпчүлүктөн талапкер жана парламенттик оппозициядан талапкер Координациялык кеңештин курамына шайланган болуп эсептелет. Талапкерлер боюнча добуш берүү ачык жүргүзүлөт.
3. Координациялык кеңештин коммерциялык эмес уюмдардан мүчөлөрү чүчү кулак өткөрүү менен шайланат. Уставдык иши кыйноолордон, мамилелердин жана жазалоонун катаал түрлөрүнөн эркин болуу укуктарын коргоо менен байланышкан коммерциялык эмес уюмдар Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтүү укугуна ээ болот. Бир коммерциялык эмес уюм Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө бир талапкерди сунуштоого укуктуу.
Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө Коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлерге карата ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык, Улуттук борбордун кызматкерлерине карата белгиленген талаптар коюлат.
4. Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 3 ай мурда, Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын расмий басма сөз органдарында жана Улуттук борбордун веб-сайтында Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуш менен коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуу кулактандырууларын жарыялайт.
5. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө кулактандыруулар жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен, коммерциялык эмес уюмдар Улуттук борборго Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштарды жөнөтүүгө тийиш.
Коммерциялык эмес уюм тарабынан кабыл алынган жана анын уюштуруу документтерине ылайык жол-жоболоштурулган тиешелүү чечим юридикалык жактын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана уюмдун Уставынын көчүрмөсү менен бирге Улуттук борборго жиберилет.
6. Улуттук борбор тиешелүү мамлекеттик органдардан талапкерлердин соттолгондугунун бардыгы жөнүндө маалыматтарды суратып алат, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөсүнүн кызмат ордуна талаптанган адамдарга карата коюлуучу талаптарга алардын ылайык келүүсүн билүүгө талапкерлер жөнүндө маалыматтарды алдын ала текшерүүнү жүргүзөт.
Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштардын эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында жүргөн адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо менен байланышкан коммерциялык эмес уюмдардын ишине жана башка коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн сунуштамаларга ылайык келүүсүнүн кароо мүчөлөрү Улуттук борбордун директору, Акыйкатчы (Омбудсмен), эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана илимий кызматкерлер болушу мүмкүн болгон жумушчу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Жумушчу комиссия Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлөт. Жогорку Кеңеш жумушчу комиссиянын курамын жана мүчөлөрүнүн санын өз алдынча аныктоого укуктуу. Чүчү кулак өткөрүүгө катышуу үчүн коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлгөн Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароонун тартиби жана натыйжалары Улуттук борбордун расмий сайтына жарыялануусу тийиш. Чүчү кулакка катышууга кое берилген талапкерлер чүчү кулак өткөрүү жол-жобосуна чакырылат.
7. Улуттук борбор чүчү кулак өткөрүү жол-жобосуна Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерди көрсөткөн ар бир коммерциялык эмес уюмдан бирден өкүлдү чакырат. Улуттук борбордун директору чүчү кулактын алдында Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны тууралуу, четтетүүнүн жүйөөлөрүн көрсөтүү менен чүчү кулакка киргизилбеген талапкерлер жөнүндө, чүчү кулакка киргизилген талапкерлердин саны жөнүндө коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнө маалымдайт.
8. Чүчү кулакка катышууга киргизилген талапкерлердин фамилиялары эч кандай белги коюлбастан бирдей конвертке чапталат, урнага салынат жана аралаштырылат.
9. Улуттук борбордун директору урнадан алып чыккан конвертте фамилиясы жазылган талапкер, коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөсү болуп шайланды деп эсептелет.
10. Эгерде ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык талапкерлер четтетилгенден кийин, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат ордуна коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлердин саны бош кызмат орундардын санына барабар болсо, анда алардын бардыгы Координациялык кеңештин курамына шайланган болуп эсептелинет.
Эгерде, ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык талапкерлер четтетилгенден кийин, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат ордуна коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлердин бош кызмат орундарынын санынан аз болуп калса, анда ушул берененин 3-9-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер боюнча кошумча сынак өткөрүлөт.
11. Улуттук борбордун ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген аракеттери, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 10 күн мурда аяктоого тийиш.
12. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат орду ушул беренеде белгиленген тартипте ээленет.
11-берене. Координациялык кеңештин ыйгарым укуктары
1. Координациялык кеңеш:
1) Улуттук борбордун ишинин жалпы стратегиясын жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
2) күчөтүү, зарыл болгондо аларды кыйноолордон жана катаал мамиледен коргоо максаттарында эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларда кармалган адамдарга мамиле кылуу тууралуу маселени үзгүлтүксүз карайт;
3) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын Улуттук борбор тарабынан иштелип чыккан методологиясын жана ар жылдык программасын бекитет;
4) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга мамиле жасоону жана аларды кармоонун шарттарын жакшыртуу максаттарында, тиешелүү мамлекеттик органдарга, кызмат адамдарына сунуштамаларды жана кайрылууларды иштеп чыгат жана берет;
5) өзүнүн кайрылууларына жана сунуштамаларына ылайык кабыл алынган чаралар жөнүндө мамлекеттик органдардын жетекчилерин өз жыйналыштарында угат;
6) Координациялык кеңештин регламентин, Улуттук борбор жөнүндө Жобону иштеп чыгат жана бекитет, аларга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизет;
7) сынактык тандоонун натыйжалары боюнча Улуттук борбордун директорун жана анын орун басарын шайлайт, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;
8) Улуттук борбордун кызматкерлеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоону жүргүзөт, дайындоо үчүн талапкерди Улуттук борбордун директоруна сунуштайт;
9) коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерлерин сот тартибинде салынуучу жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берет;
10) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарды кыйноолордон жана катаал мамилелерден коргоо, аларды кармоо тартибинин жана шарттарынын маселелерине тиешелүү мыйзам долбоорлорунун, башка ченемдик укуктук актылардын коомдук экспертизасын жүзөгө ашырат;
11) Улуттук борбордун бюджетинин долбоорун жактырат;
12) Улуттук борбордун директорунун сунуштамасы боюнча Улуттук борбордун түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
13) чыгымдардын сметасынын чектеринде Улуттук борбордун директору үчүн сыйакынын өлчөмүн бекитет;
14) чыгымдардын сметасынын чектеринде Улуттук борбордун кызматкерлери үчүн сыйакынын өлчөмүн бекитет. Улуттук борбордун кызматкерлеринин сыйакы өлчөмү Улуттук борбордун директорунун сыйакысынын 80 пайызынан кем болуусу мүмкүн эмес.
2. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына тиешелүү сунуштарды жана сын-пикирлерди берүүгө;
2) Улуттук борбордун ишинин финансылык отчеттуулугунун аудитин жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитти тартууга.
12-берене. Координациялык кеңештин биринчи жана андан кийинки жыйналыштары
1. Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышы ал түзүлгөн күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш. Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышы Координациялык кеңештин жашы улуу мүчөсүнүн төрагалыгы алдында өтөт.
2. Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышында анын ишинин Регламенти бекитилет, Координациялык кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланат.
3. Эгерде ага анын курамынын кеминде 7 мүчөсү катышса, Координациялык кеңештин жыйналышы укук ченемдүү болуп саналат. Эгерде ушул мыйзамда башкача белгиленбесе, Координациялык кеңештин чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4. Координациялык кеңештин жыйналышы төраганын демилгеси боюнча айына бир жолу өткөрүлөт, ал жыйналышты өткөрүүнүн күнүн, убактысын жана ордун белгилейт. Координациялык кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер Улуттук борбор тарабынан даярдалат.
5. Кезексиз жыйналыштар Координациялык кеңештин төрагасынын, Улуттук борбордун директорунун же Координациялык кеңештин 7 мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылат.
6. Биринчи курамдын биринчи жыйналышын кошпогондо, Улуттук борбордун директору Координациялык кеңештин баардык жыйналыштарына милдеттүү тартипте катышат.
13-берене. Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын токтотулушу
1. Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
1) ал шайланган мөөнөт бүткөндө;
2) өз ыйгарым укуктарын алып таштоо жөнүндө кат жүзүндө арыз берүү жолу менен, милдеттерин андан ары аткаруудан ыктыярдуу баш тартканда;
3) туруктуу жашоого Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткенде;
4) соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) аны дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) каза болгон учурда;
7) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке чектелүү жөндөмдүү деп таанылганда;
8) 3 ай бою жүйөлүү себептерсиз ишке катышпай койгондо;
9) эркиндигинен ажыратуу же чектөө жайларында турган адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушуна алып келген жүрүм-турум эрежелерин бузган аракеттерге жол бергенде.
2. Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган Координациялык кеңештин чечими менен жүзөгө ашырылат.
3. Координациялык кеңеш Жогорку Кеңештин алдында ушул берененин 1-бөлүмүнүн 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган Координациялык кеңештин мүчөсүн кайра чакыртып алууну демилгелөөгө укуктуу. Бул учурда Жогорку Кеңеш Координациялык кеңештин мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу маселесин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин корутундусу болгондо, жыйналышка катышып отургандардын көпчүлүгүнүн добушу менен чечет.
4. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Координациялык кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктары анын Акыйкатчынын (Омбудсмендин) кызматындагы ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
14-берене. Улуттук борбордун директору
1. Улуттук борборду Улуттук борбордун директору жетектейт.
2. Улуттук борбордун директору сынактык тандоонун натыйжалары боюнча Координациялык кеңеш тарабынан 2 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам Улуттук борбордун директору болуп катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайлана алат.
3. Жашы 25 жаштан кем эмес, жогорку билими бар, жетекчи кызматтарда иштеген тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны Улуттук борбордун директору боло алат. Улуттук борбордун директору кызмат ордуна талапкерди тандоодо адам укуктарын коргоо жаатындагы иш тажрыйбасы артыкчылыктуу болуп саналат.
4. Улуттук борбордун директору:
1) Улуттук борбордун ишин уюштурат;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Улуттук борбордун өкүлү болот;
3) Координациялык кеңештин жыйналыштарында каралууга жаткан маселелерди киргизет;
4) Координациялык кеңештин жыйналыштарына катышат жана анын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
5) Улуттук борбордун ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;
6) Координациялык кеңештин бекитүүсүнө Улуттук борбордун түзүмүн жана штаттык санын сунуштайт;
7) Координациялык кеңештин сунуштамасы боюнча Улуттук борбордун кызматкерлерин дайындайт, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;
8) Жогорку Кеңешке Улуттук борбордун өткөн жылдагы иши жөнүндө баяндама жана финансылык отчет берет;
9) ушул Мыйзамда ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Улуттук борбордун директору Координациялык кеңешке анын компетенциясынын чектеринде отчет берет.
6. Улуттук борбордун директору болбогон мезгилдерде директордун милдеттерин аткаруу анын орун басарына жүктөлөт. Улуттук борбордун директорунун орун басарын шайлоо жол-жобосу директорду шайлоо эрежелери боюнча өтөт.
15-берене. Улуттук борбордун баяндамалары
1. Улуттук борбор жыл сайын 1-мартка чейин Жогорку Кеңешке өзүнүн өткөн жылдагы иши жөнүндө баяндама берет.
2. Ар жылдык баяндама жалпы баа берүүнү, кыйноолорду жана катаал мамиленин алдын алуу чөйрөсүнүн абалы жөнүндө корутундуларды жана алардын алдын алуу боюнча сунуштамаларды камтуусу тийиш. Анда Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылган, анын сунуштамаларын этибарга албаган мамлекеттик органдар (кызмат адамдары) көрсөтүлүүсү тийиш.
3. Ар жылдык баяндамага Улуттук борбордун өткөн жыл үчүн финансылык отчету тиркелет.
4. Зарыл болгондо Улуттук борбор Жогорку Кеңешке эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайлардагы ашкереленген адам укуктарын одоно бузуулар жана дароо чечүүнү талап кылган фактылар боюнча атайын баяндаманы (баяндамаларды) бере алат.
5. Улуттук борбордун ар жылдык жана атайы баяндамалары, финансылык отчеттору алар Жогорку Кеңешке берилген күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен расмий басма сөз органдарында жана Улуттук борбордун веб-сайтында жарыяланууга жана таркатылууга жатат.
16-берене. Координациялык кеңештин сунуштамалары
1. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын тажрыйбасын жалпылоонун натыйжалары боюнча Координациялык кеңеш эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүү жана кармап туруунун шарттарын жакшыртуу максаттарында сунуштамаларды иштеп чыгат.
2. Координациялык кеңештин сунуштамалары тийиштүү аракеттерди көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына, кызмат адамдарына жиберилет.
3. Мамлекеттик органдар, кызмат адамдары сунуштамаларды алган күндөн тартып бир айдын ичинде көрүлгөн чаралар тууралуу Координациялык кеңешке маалымат берүүгө милдеттүү.
Улуттук борбор тарабынан кыйноолорду жана катаал мамиленин башка түрлөрүн колдонуу боюнча фактылар ашкереленген учурларда, мамлекеттик органдар ушул аракеттерге өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө жана бир сутканын ичинде ушундай укук ченемсиз аракеттерге жол берген кызматчыга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.
17-берене. Улуттук борбордун уюштуруучулук-функционалдык көз карандысыздыгы
Улуттук борбордун уюштуруучулук-функционалдык көз карандысыздыгы төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:
Улуттук борбордун кызматкерлерин тандоо жана дайындоо жол-жоболорунун жана критерийлеринин айкындуулугу, Координациялык кеңештин мүчөлөрүн ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жол-жоболору менен шайлоо;
Улуттук борбордун уюштуруучулук-функционалдык ишине кийлигишпөө;
Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, Улуттук борбордун кызматкерлеринин иммунитети;
Улуттук борбордун ишин жетиштүү каржылоо.
18-берене. Улуттук борбордун ишине кийлигишүүнүн жол берилбестиги
1. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, Улуттук борбордун кызматкерлеринин ишине кийлигишүүгө жана тоскоолдук кылууга тыюу салынат жана ал мыйзамда белгиленген жазык жана администрациялык жоопкерчиликке алып келет.
2. Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Улуттук борбордун кызматкерлери алар менен аңгемелешүү убагында эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын жеке турмушунун өздөрүнө белгилүү болуп калган жагдайлары тууралуу күбө катары чакырылууга жана суралууга жатпайт.
19-берене. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, Улуттук борбордун кызматкерлеринин иммунитети
1. Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Улуттук борбордун кызматкерлери ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, Координациялык кеңештин макулдугу менен сот тартибинде салынуучу жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
2. Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн прокурор Координациялык кеңешке иштин жагдайы жана жосундун квалификациясы көрсөтүлгөн сунуштама киргизет, анда.
3. Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн Координациялык кеңештин кеминде 9 мүчөсү добуш берсе, сунуштама киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
4. Координациялык кеңештин мүчөсү, Улуттук борбордун кызматкери кылмыш жасоо ордунда кармалган учурлардан тышкары, өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде жана ага байланыштуу Координациялык кеңештин макулдугусуз кармалышы жана камакка алынышы, тинтүүгө жана жеке текшерүүгө кириптер кылынышы мүмкүн эмес.
Администрациялык кармоого алынган же кылмыш жасаганына шектенүү боюнча кармалган Координациялык кеңештин мүчөсү, Улуттук борбордун кызматкери анын инсандыгы аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга жатат.
5. Алар өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде Координациялык кеңештин мүчөсүнүн, Улуттук борбордун кызматкеринин жеке жүгүнө, документтерине жана корреспонденциясына камак салууга, ошондой эле текшерүүгө жана жүгүн, документтерин жана корреспонденцияларын алып коюуга жол берилбейт.
6. Координациялык кеңештин мүчөсү болуп саналган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) иммунитетинин маселелери тиешелүү мыйзамдарда жөнгө салынат.
20-берене. Улуттук борбордун ишинде маалыматтарды пайдалануу
1. Алдын алма барууларга катышуу үчүн тартылган Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Улуттук борбордун кызматкерлери, эксперттер өз ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жана токтоткондон кийин, жайылтылышы эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын ишинин, аларда кармалган адамдардын жана иштеген кызматчылардын коопсуздугуна коркунуч түзгөн маалыматтарды, ошондой эле алардын ишинин натыйжасында белгилүү болуп калган жеке турмуш жөнүндө маалыматтарды, ал маалыматтар тиешелүү болгон адамдын макулдугу болбосо, таратууга укуксуз.
2. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жана Улуттук борбордун кызматкерлерине ал чынбы же жалганбы маалыматтарды бергени үчүн, эч ким жоопкерчиликке тартылышы же башкача таасир этүүгө дуушар болушу мүмкүн эмес, ошондой эле өзүнүн укуктарына жана эркиндиктерине башка мүнөздө шек келтирилиши тийиш эмес, жана ушундай бир да адамдын же уюмдун укуктарына жана эркиндиктерине кандайдыр-бир мүнөздө шек кетирилиши мүмкүн эмес.
3. Эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганына байланыштуу сунуштар, арыздар же даттануулар менен кайрылганы үчүн аларды кандай болбосун формада куугунтуктоого жол берилбейт.
4. Улуттук борбор жеке маалыматтардан алынган жалпы маалыматтарды жарыялоого, жана жеке мүнөздөгү маалыматтарды жашыруун пайдаланган башка бардык маселелерге тиешелүү маалыматтарды жарыялоого укуктуу.
21-берене. Улуттук борбордун ишин каржылоо
1. Улуттук борбордун ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Жыл сайын республикалык бюджетте Улуттук борбордун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражаттар каралат. Улуттук борбор бюджетинин долбоорун түзөт жана макулдашуу үчүн аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет. Пикир келишпөөчүлүктөр болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук борбордун сунушун Жогорку Кеңешке жиберилүүсү тиешелүү болгон республикалык бюджеттин долбооруна өзгөртүүсүз киргизет жана ага өз корутундусун тиркейт.
3. Улуттук борбор каражаттарды чыгымдар сметасынын чектеринде өз алдынча тескейт.
4. Каржылык отчет мыйзамда белгиленген тартипте Улуттук борбордун директору тарабынан берилет.
22-берене. Алдын алма барууга жаткан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайлары
1. Улуттук борбор тарабынан жүзөгө ашырылуучу алдын алма баруулардын программасы Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган бардык эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын камтыйт.
2. Улуттук борборго эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын саны, алардын жайгашкан жери жөнүндө жана аларда кармалган адамдардын саны жөнүндө кандай болбосун маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берилет.
3. Улуттук борбор тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, областтар жана Бишкек жана Ош шаарлары боюнча эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын тизмесин түзөт жана мезгил-мезгили менен жаңылап турат.
4. Улуттук борбор алдын алма баруу үчүн эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын өз алдынча тандайт.
23-берене. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын типтери
1. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар Улуттук борбор тарабынан иштелип чыккан жана Координациялык кеңеш тарабынан бекитилген бирдиктүү методологиянын негизинде ар тараптуу текшерүүлөрдү, мезгил-мезгили менен же атайлап барууларды жүргүзүү менен мезгилдүү баруулар аркылуу жүргүзүлөт.
2. Ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар эркиндигинен ажыратуу жана чектөө тутумун ар тараптуу талдоо жана баа берүү жана эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга көмөктөшкөн негизги себептерди ачуу максатын көздөйт. Ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен баруулар эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси менен жеке аңгемелешүү, алар менен мамилеге тиешеси бар маалыматтарды, алардын макулдугу менен айрым адамдардын медициналык карталарын кошуп алганда, жазаларды берүү жөнүндө администрациянын буйруктарын жана тескемелерин, алардын көрсөтүлгөн жерлерде болушунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди үйрөнүү менен коштолот.
3. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына орто аралыкта алдын алма баруулар ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен баруулардын ортосундагы мезгилде алдын ала эскертүүсүз аныкталбаган убакыттын аралыгында жүзөгө ашырылат. Арадагы алдын алма баруулардын максаты сунуштамалардын аткарылышын байкоодо жана эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдар, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын кызматкерлери алдын алма барууларды жүзөгө ашыруучу топ менен кызматташуу үчүн куугунтуктоолорго дуушар болбосуна кепилдик берүүдө турат.
4. Атайы баруулар кыйноолорду жана катаал мамиле колдонуу, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында өлүм фактысы жөнүндө ар бир билдирүү боюнча же айкын көйгөйлөрдү изилдөө үчүн жүргүзүлөт.
24-берене. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын мезгилдүүлүгү
1. Улуттук борбор тигил же бул эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына баруулардын мезгилдүүлүгүн Улуттук борбордун иштөөсү үчүн берилген каржы ресурстарына жараша өз алдынча аныктайт.
2. Ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын тизмесине жана Улуттук борбор тарабынан жыл сайын иштелип чыккан жана Координациялык кеңеш тарабынан бекитилген баруулардын программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Орто аралыкта алдын алма баруулардын мезгилдүүлүгү эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын санын, географиялык жайгашуусун, тибин жана толуктугун эске алуу менен Улуттук борбордун директору, аймактык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери (өкүлдөрү) тарабынан аныкталат. Кандай гана болбосун эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына орто аралыкта баруулардын эң төмөнкү жыштыгы мурдагы баруулардын натыйжаларына, ушул эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайында кыйноолордон жана катаал мамилелерден эркиндикке укуктарын сактоо кырдаалына карата маалыматтардын өкмөттүк эмес булактарынын болушуна же жоктугуна жараша болот.
4. Кандай учурда болбосун ар бир эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайы 2 жылда бир жолудан кем эмес ар тараптуу текшерүү жүргүзүү менен барууга туш болууга тийиш, ал эми орто аралыкта алдын алма баруу баруулардын бардык типтери үчүн пайдаланылган жалпы убакыттын жарымынан кем эмесин түзүүсү тийиш.
25-берене. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын тартиби
1. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар алдын ала кабарлоосуз кайсыл күнү болбосун жана сутканын кайсы убагында болбосун жүзөгө ашырылат.
2. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууларды жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук борбордун директору же аймактык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери (өкүлдөрү) тарабынан Улуттук борбордун кызматкерлеринин жана Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен топ түзүлөт. Зарыл болгондо эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууларга катышуу үчүн ар түрдүү тармактагы эксперттер тартылат. Топтун мүчөлөрүнүн курамы жана саны алдын алма текшерүүнүн тибине, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайынын тибине жана анда кармалгандардын санына жараша болот. Кандай болбосун учурда алардын топторунун мүчөлөрүнүн эң төмөн саны 2 болууга тийиш, алардын бири Координациялык кеңештин мүчөсү же Улуттук борбордун кызматкери болуусу тийиш.
3. Топторду түзүүдө гендердик тең салмактуулук жана ар кандай этностук топтордун, азчылык топтордун өкүлдөрүнүн болушу камсыз кылынат. Топтун курамына эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен алдын алма баруунун натыйжалуулугу үчүн зарыл болгон кесипкөйлүк көндүмдөргө ээ адамдар киргизилүүгө тийиш.
4. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууларга катышуу үчүн тартылган эксперт алдын алма баруунун натыйжалуулугу үчүн зарыл болгон компетенцияга жана кесипкөйлүк билимге ээ болуусу тийиш. Эксперт эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар убагында топту коштойт жана анын эксперттик таанып билүүсүнүн чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча жүйөөлүү корутунду берет. Алдын алма барууларга катышуу үчүн экспертти тандоонун жана тартуунун тартиби Координациялык кеңеш тарабынан аныкталат.
5. Алдын алма баруу үчүн эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайын Улуттук борбордун директору же Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери (өкүлдөрү) аныкташат.
6. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайынын аймагына топту киргизүү белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана алдын алма барууну жүзөгө ашыруучу топтун мүчөлөрүн көрсөтүү менен, Улуттук борбордун директору же аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси (өкүлү) тарабынан күбөлөндүрүлгөн, белгиленген үлгүдөгү жазуу жүзүндөгү жөнөтмөнү көрсөткөндө администрация тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде топтун курамына эксперт кирсе, Улуттук борбордун директору же аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси (өкүлү) тарабынан белгиленген үлгүдөгү жазуу жүзүндө берилген уруксат кошумча көрсөтүлөт.
7. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайынын аймагына кирүүдө жана чыгууда алдын алма барууну жүзөгө ашыруучу топтун мүчөлөрүнүн документтерин жана кийимдерин кошуп алганда, буюмдары текшерүүгө дуушар болбойт.
8. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайына алдын алма барууну жүзөгө ашыруучу топтун мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу ошол жердин администрациясына жүктөлөт.
9. Алдын ала барууну жүзөгө ашыруучу топтун мүчөсүнүн эч кимге тартпастыгына күмөн туудурган жагдайлар болгондо, ал эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайына алдын алма барууга катышуудан баш тартууга милдеттүү.
10. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайынын администрациясынын жетекчиси алдын алма барууну жүзөгө ашыруучу топтун мүчөсүнүн укукка сыйбаган аракеттери жөнүндө Улуттук борбордун директоруна маалымдайт.
11. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайына ар бир алдын алма баруунун натыйжалары боюнча Координациялык кеңеш тарабынан бекитилген форма боюнча жазуу жүзүндө отчет түзүлөт жана ага катышкан топтун бардык мүчөлөрү кол коюшат. Топтун мүчөлөрү өзгөчө пикирге ээ болууга укуктуу, ал отчетко тиркелет. Алдын алма баруунун натыйжалары боюнча баяндалган өзгөчө пикирди кароонун тартиби Координациялык кеңеш тарабынан аныкталат.
12. Купуя жана жеке маалыматтарды кошпогондо, отчеттор Улуттук борбордун расмий сайтына жайгаштырылат.
13. Ушул Мыйзамдын жана эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын иштөөсүнүн тартибин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын топтун мүчөсүнүн бузушу, ушул Мыйзамдын 19-беренесинин талаптарын сактоо менен мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
26-берене. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жана Улуттук борбордун кызматкерлеринин алдын алма барууларды жүзөгө ашыруудагы укуктары жана милдеттери
1. Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана Улуттук борбордун кызматкерлери эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында турган адамдардын саны жөнүндө, ошондой эле ушундай жайлардын саны жана алардын турган жери жөнүндө маалыматка жетимдүү болууга;
2) өздөрүнүн баруусу зарыл деп эсептеген жайды жана аңгемелешүү зарыл деп эсептеген адамдарды тоскоолдуксуз тандап алууга;
3) эркиндигинен ажыратуунун жана чектөөнүн ар кандай жайына, жана алардын курулмаларына жана объекттерине алдын ала кабарлоосуз кандай гана болбосун күндө жана сутканын кандай гана болбосун убагында тоскоолдуксуз кирүүгө;
4) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдар менен көзмө-көз, ошондой эле алдын алма баруунун максаттарына жетүү үчүн зарыл маалыматтарды бере алган башка бардык адам менен зарыл болгондо котормочунун жардамы менен убактысы чектелбеген аңгемелешүүлөрдү өткөрүүгө;
5) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайынын администрациясынан эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын кайрылууларына, ошондой эле аларды камакта кармап туруунун шарттарына тиешелүү маалыматтарды, алардын макулдугу менен айрым адамдардын медициналык карталарын кошуп алганда, жазаларды берүү жөнүндө администрациянын буйруктарын жана тескемелерин суратууга жана алууга, алардын көрсөтүлгөн жерлерде болушунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер менен таанышууга;
6) сүрөт-, аудио- жана видио тартууну жүргүзүүгө, эркинен ажыратылгандар жана эркиндиги чектелгендер кармалган жайдын администрациясынан алынган документтердин көчүрмөсүн алууга. Жазасын өтүп жаткандардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуучу объекттерди сүрөткө жана видеого тартуу ошол жайдын администрациясынын уруксаты менен, ошондой эле фото- жана видео-камера тартканы жаткан адамдын макулдугу менен жүргүзүлөт.
2. Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана Улуттук борбордун кызматкерлери эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма барууларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана башка ченемдик укуктук актыларды сактоого;
2) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын ички тартипти камсыз кылышкан кызматкерлеринин, ошондой эле эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын кадыр-баркын басмырлаган аракеттерге жол бербөөгө;
3) зомбулукка дуушар болгон адамдарга зарыл учурда тез медициналык жардам көрсөтүүгө жана медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүнү талап кылууга, алардын макулдугу менен аны жүргүзүүдө ага катышууга, ошондой эле тиешелүү билдирүүлөрдү жасоого;
4) иликтөө жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн билдирүүнү кийин прокуратура органдарына жиберүү үчүн эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени колдонуунун белгиленген фактысы жөнүндө Улуттук борбордун директорун токтоосуз маалымдоого.
27-берене. Улуттук борбордун алдын алуу боюнча Кичи комитет жана башка өлкөлөрдүн улуттук алдын алма механизмдери менен өз ара аракеттенүүсү
1. Улуттук борбор алдын алуу боюнча Кичи комитет менен түздөн-түз байланыштарды колдойт, кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу боюнча усулдарга жана стратегияларга тиешелүү маселелер боюнча маалымат алмашууну зарыл болгондо купуя жүзөгө ашырат.
2. Кыйноолорго жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы БУУнун Конвенциясына карата Факультативдик протоколдо баяндалган мандатка ылайык, Алдын алуу боюнча Кичи комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Улуттук борборго анын дараметин чыңдоо максаттарында кесиптик даярдоо жана техникалык жардам жаатында кызматтарды көрсөтүүгө;
2) Улуттук борборго кеңеш берүүгө жана эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарды кыйноолордон жана катаал мамиледен коргоону күчөтүү жана кармап туруунун шарттарын жакшыртуу үчүн зарыл керектөөлөргө жана чараларга баа берүү ишинде жардам көрсөтүүгө;
3) кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу үчүн Улуттук борбордун мүмкүнчүлүктөрүн жана мандатын чыңдоо максаттарында сунуштамаларды жана сын-пикирлерди берүүгө.
3. Улуттук борбор кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу, тажрыйба алмашуу жана эң мыкты практикаларды жайылтуу боюнча күчтөрдү бириктирүү максатында башка өлкөлөрдүн эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолорду жана катаал мамилелердин алуу боюнча улуттук органдар (улуттук алдын алма механизмдер) менен байланыштарды белгилейт жана колдойт.
28-берене. Улуттук борбордун Акыйкатчы (Омбудсмен) менен өз ара аракеттенүүсү
1. Улуттук борбор жана Акыйкатчы (Омбудсмен) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык өз иштерин координациялайт.
2. Улуттук борбор өз ишин жүзөгө ашырууда Акыйкатчы (Омбудсмен) жана анын Аппараты менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкактарында биргелешкен иш-чараларды жүргүзө алат.
3. Улуттук борбор жана Акыйкатчы (Омбудсмен) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолордон жана катаал мамилелерден эркиндикке укуктарын сактоо маселелери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында көпчүлүк алдында биргелешкен билдирүүлөрдү жасоого укуктуу.
29-берене. Улуттук борбордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү
1. Улуттук борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, кызмат адамдары менен түздөн-түз туруктуу байланышта жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, кызмат адамдары өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Улуттук борбордун кайрылуусу боюнча анын ишин уюштурууга зарыл көмөк көрсөтүүгө;
2) Координациялык кеңештин сунуштамаларын кароого жана алардын ишке ашырылышына көмөктөшүүгө;
3) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын укуктарына жана эркиндиктерине, аларды кармап туруунун тартибине жана шарттарына, ошондой эле кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Улуттук борборго жиберүүгө;
4) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайы баяндамаларын жарыялоого жана таркатууга.
30-берене. Координациялык кеңештин биринчи курамын түзүү жөнүндө жобо
1. Координациялык кеңештин биринчи курамы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндүн ичинде Акыйкатчы (Омбудсмен) ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин Төрагасына жөнөтөт.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндүн ичинде Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргыз Республикасынын расмий басма сөз органдарында жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) веб-сайтында уставдык иши адам укуктарын жана эркиндигин коргоо же коргоого көмөктөшүү менен байланышкан коммерциялык эмес уюмдарга Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунушу менен кулактандыруу жарыялайт.
Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин талапкерлери жөнүндө сунуштарды кароо эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларда турган адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого байланышкан иштерге өкмөттүк эмес уюмдардын иштеринин ылайык келишин жана Акыйкатчы (Омбудсмен), Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана илимий кызматкерлер мүчөлөрү боло алышкан башка коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн сунуштамаларды кароо жумушчу комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Чүчү кулакка катышуу үчүн коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароонун тартиби жана натыйжалары Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланышы керек. Чүчү кулакка катышууга жол берилген талапкерлер чүчү кулактын жол-жобосуна чакырылат.
4. Акыйкатчы (Омбудсмен) урнадан алып чыккан конвертте фамилиялары бар биринчи 8 талапкер, коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө шайланган болуп эсептелет.
5. Эгерде ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык талапкерлер четтетилгенден кийин, коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат ордуна талапкерлердин саны 8ди түзсө, анда алардын бардыгы Координациялык кеңештин курамына шайланган болуп эсептелет.
Эгерде, ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык талапкерлер четтетилгенден кийин, коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бош кызмат ордуна талапкерлердин саны 8ден кем болсо, анда 10-берененин 3, 5-8 жана ушул берененин 3-5-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер боюнча кошумча сынак өткөрүлөт.
6. Координациялык кеңештин биринчи курамына коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен тандалып алынган Координациялык кеңештин 4 мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2 жылдык мөөнөт бүткөндөн кийин аяктайт. Ушул мүчөлөрдүн ысымдары Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышында чүчү кулак өткөрүү менен аныкталат.
31-берене. Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 17-июлунда № 62 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам кабыл алынгандан кийин 3 айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарын Жогорку Кеңешке берсин;
- ушул Мыйзамды ишке ашырууга байланыштуу уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |