Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 13-июлу № 109
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун
тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбуласында:
"54" деген сан "70" деген санга алмаштырылсын:
преамбуласы "ашыруучу" деген сөздөн кийин "жогорку" деген сөз менен толукталсын.
2. 2-статьяда:
1-бөлүктө "61" деген сан "76" деген санга алмаштырылсын;
2-бөлүктө "бир жылдан" деген сөздөр "6 айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүктө "токтомдун өзүндө" деген сөздөр "токтомдо" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 4-статьяда:
1-бөлүктө "комитеттердин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында бекитилет жана токтом менен жол-жоболоштурулат" деген сөздөр "комитеттин жыйналышында бекитилет жана чечим менен жол-жоболоштурулат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүктө "бир ай" деген сөздөр "10 күн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 5-статьянын 2-бөлүгүндө "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. 8-статьяда "ар кандай мамлекеттик органга жана ар кандай кызмат адамына" деген сөздөр "тиешелүү мамлекеттик органга же кызмат адамына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 16-статьянын 2-бөлүгүндө "Жогорку Кеңешинин депутаттарына" деген сөздөр "Жогорку Кеңешине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |