Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 16-июлу № 112
2011-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Атайын Акционердик Фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2011-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору үчүн Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын Атайын Акционердик Фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |