Редакцияот 16.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 16-июлу № 113

 

"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 2, 141-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын расмий тилдеги аталышында "приобретении" деген сөз "приобретения" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 1-статьяда:

- 1-бөлүгүндө "5" деген сан "10" деген санга алмаштырылсын;

- 2-бөлүгүндө "Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 4-статьянын 2-бөлүгүндө "3" деген сан "7" деген санга алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев