Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 16-июлу № 115
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Кодекстен, мыйзамдардан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
2. 17-статьяда "бошотушу" жана "чектелиши мүмкүн" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бошотот" жана "чектелет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 20-статьянын аталышында жана текстинде "Жашы жетпегендердин" деген сөздөр "Балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 54-статьянын биринчи абзацында "мыйзам актыларында" деген сөздөр "мыйзамдарында" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. 390 жана 391-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"390-статья. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар
тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун же
транзиттик өтүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу
Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуу тартибин бузуу, башкача айтканда, кирүүдө билдирилген максатка ылайыксыз республиканын аймагында болуу, жашоого укук берген документтерсиз жашоо же жараксыз документтер боюнча жашоо, катталуунун же жүрүүнүн, жашай турган жерди тандоонун белгиленген тартибин сактабоо, болуунун аныкталган мөөнөтү өткөндөн кийин кетүүдөн баш тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерин сактабоо, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык чыгарып салууга алып келет.
391-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган кабыл алуучу уюмдун кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуунун белгиленген тартибин бузуусу
Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган кабыл алуучу уюмдардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аларды каттоонун жана алар үчүн жашоого, жүрүүгө жана жашаган жерин, ошондой эле алар тарабынан аныкталган болуу мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн убагында чыгып кетүүсүн өзгөртүүгө укук берген документтерди жол-жоболоштуруунун белгиленген тартибин бузуу, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш, кызмат адамдарына - отуздан элүү, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма, кызмат адамдарына - элүүдөн жүз, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же ондон он беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камоого алып келет.
Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды кабыл алган уюмдардын кызмат адамдары тарабынан кирүүдө билдирилген республиканын аймагында болуунун анык жүйөлөрүнө ылайыксыз максаттарда чакыруу, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн кырктан алтымыш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, же он суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камоого алып келет.
Ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыштан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же кызмат адамын ээлеген кызматынан четтетүү менен он беш суткалык мөөнөткө администрациялык камоого алып келет.".
6. 394-статьянын аталышында жана 1-бөлүгүндө "Түзөтүү-эмгек" деген сөздөр "Түзөтүү" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 400-статьяда:
- аталышында "мыйзам актыларынын" деген сөздөр "ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "мыйзамдарынын, Президентинин указдарынын, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун" деген сөздөр "ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 400-1-статьянын 1-бөлүгүндө:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кызмат адамы тарабынан жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин, милдеттерин жана кызыкчылыктарын козгогон, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келген мыйзамсыз актыны чыгарышы;";
- үчүнчү абзацта "юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөгөн" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 401-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
10. 419-статьянын аталышында жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жана ченемдик техникалык документтердин" деген сөздөр алып салынсын.
11. 422-1-статьянын экинчи абзацында "айып салууга алып келет" деген сөздөр "администрациялык айып салууга алып келет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 422-2-статьянын экинчи абзацында "айып салууга алып келет" деген сөздөр "администрациялык айып салууга алып келет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 422-3-статьянын экинчи абзацында "айып салууга алып келет" деген сөздөр "администрациялык айып салууга алып келет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 422-4-статьянын экинчи абзацында "айып салууга алып келет" деген сөздөр "администрациялык айып салууга алып келет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 428-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "майып" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 493-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
17. 513-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"513-статья. Юстиция органдары
Юстиция чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 395-статьясынын 1-пунктчасында, 400-статьясынын 1-бөлүгүндө, 402 жана 403-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:
395-статьянын 1-пунктчасы, 402-статья менен - юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери;
400-статьянын 1-бөлүгү, 403-статья менен - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун укуктук экспертизасын жүзөгө ашыруучу борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери.".
18. 552-статьянын 1-бөлүгүндө "орус тилинде" деген сөздөр "расмий тилде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 565-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"565-статья. Администрациялык кармоонун мөөнөттөрү
Администрациялык укук бузган адамды администрациялык кармоонун мөөнөтү үч сааттан ашпоого тийиш.
Өзгөчө учурларда администрациялык материалды судья же ички иштер органынын тиешелүү кызмат адамы караганга чейин, администрациялык укук бузуу боюнча кошумча жагдайларды тактоо зарыл болгондо же кармалгандын инсандыгын белгилөө зарыл болгондо, администрациялык камоо каралган администрациялык укук бузуулар үчүн кармоо мөөнөтү кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде, бул жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө кабарлоо менен ички иштер органдарынын башчылары же алардын орун басарлары тарабынан 48 саатка чейин узартылышы мүмкүн, мында кармалган адам кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын кармалуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүсү тийиш.
Чек ара режимин же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузган адамдар протокол түзүү үчүн үч саатка чейинки мөөнөткө, ал эми ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурларда 48 саатка чейинки мөөнөткө кармалышы мүмкүн, мында кармалган адам кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын кармалуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүгө тийиш, ошондой эле бул жөнүндө кармалган учурдан тартып 24 сааттын ичинде прокурорго жазуу жүзүндө кабарландырылат.
Эгерде адам кармалган негиздер жок болуп чыкса, ал токтоосуз бошотулуусу тийиш.
Кармалган ар бир адамга кармоонун жүйөөсү жөнүндө кечиктирилбей билдирилүүсү, медициналык кароону жана дарыгердин жардамын кошуп алганда, анын укуктары түшүндүрүлүүсү жана камсыз кылынуусу тийиш.
Иш жүзүндө эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамга кармоону жүргүзгөн орган тарабынан коопсуздук камсыз кылынат.
Администрациялык кармоонун мөөнөтү укук бузуучуну протокол түзүү үчүн алып келген учурдан тартып эсептелет.".
20. 566-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө "мыйзам актылары" деген сөздөр "мыйзамдары" деген сөзгө алмаштырылсын.
21. 584-статьянын 5-бөлүгүндө "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |