Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 16-июлу № 117
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык
коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |