Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 16-июлу № 118
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттер ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттер ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Үчүнчү протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарганы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |