Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 16-июлу № 120
2011-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартипти белгилөө жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз тартипти белгилөө жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө индонезиялык тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |