Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 25-июлу № 127
2010-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Джидда Декларациясы - II этап (КYR-031) программасынын алкагындагы иш-чаралардын кыска мөөнөттүк планынын экинчи фазасынын алкагында буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн сатып алууну каржылоо үчүн акысыз каражат берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2010-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Джидда Декларациясы - II этап (КҮR-031) программасынын алкагындагы иш-чаралардын кыска мөөнөттүк планынын экинчи фазасынын алкагында буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн сатып алууну каржылоо үчүн акысыз каражат берүү жөнүндө Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте Ислам Өнүктүрүү Банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |