КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 25-июлу № 129
2012-жылдын 8-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Бишкек-Торугарт автомобиль жолун (Долон - Ат-Башы участогу) реабилитациялоо боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2012-жылдын 8-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Бишкек-Торугарт автомобиль жолун (Долон - Ат-Башы участогу) реабилитациялоо боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Дбу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте Абу-Даби өнүктүрүү фондуна билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |